Эл аралык Mercer консалтинг компаниясы дүйнөдөгү шаарлардын абалын аныктады. Изилдөөдө аналитиктер бир канча абалды эске алышкан: шаардагы саясий туруктуулук, кылмыштуулук саламаттыкты сактоонун жана билимдин деңгээли, транспорттук инфраструктура жана калктын маданияты. Айта кетсек, Mercer компаниясы мындай изилдөөлөргө бул жылы 231 шаарды алган. Тизмеде эң акыркы орундарда турган эң начар делген 5 борбор шаар назарыңыздарда.
Mercer'дин аналитиктеринин жыйынтыгы менен Ирактын борбору Багдад дүйнөдөгү шарты эң начар делген шаарлардын эң алдынкы катарына кирди.
Багдад
Багдаддын дүйнөдөгү эң начар шаар деп табылышына - көп жылдардан бери токтобой келе жаткан башаламандык жана этникалык чыр-чатактар себеп болгон. Бул шаарда дээрлик жума сайын ири терракттар орун алып, анын кесепетинен жылына миңдеген адамдар көз жумат.
Абалы оор шаарлардын кийинки сабында Банги турат.
Банги
Банги Борбордук Африка Республикасынын баш калаасы. Анда 750 миң жашоочу бар. Шаар жакыр, башаламан, асфальт төшөлгөн жолдор дээрлик жок. Шаардын мындай жакырчылыкка кептелишине тынчтыктын орнобогондугу, башынан көптөгөн куралдуу төңкөрүштү өткөргөндүгү, саясий туруксуздук себеп.
Жашоо шарты начар шаарлардын үчүнчү катарына Сана шаары - Йемен Республикасынын борбору кирди.
Сана
Туристтердин көзүнө Сана кооптуу шаар болуп көрүнөт. Көптөгөн куралчан мекен сакчылары эл аралап жүрөт. Жол эрежелери дээрлик сакталбайт, кайырчылар көп. Тургундардын жашоо шарты жакшы эмес. Атуулдук согуш жүргөн шаардын инфраструктурасы ага барган меймандарды мурдагыдай кубандыра албай калды. Айта кетсек, Йеменде 2004-жылдан бери хуситтер (куралданган террористтик топ) менен өкмөттүн куралдуу күчтөрүнүн ортосунда согуш жүрүп келет.
Төртүнчү орунда Гаитинин борбору Порт-о-Пренс жайгашкан.
Порт-о-Пренс
2010-жылы чоң жер титирөөнү башынан өткөргөн бул шаар кооз имараттарынан айрылган. Гаитинин экономикалык абалына жараша, борбор шаарынын инфраструктурасы, жашоочулар үчүн түзүлгөн шарты жакшы эмес. Тазалыктын жоктугунан улам тургундар көптөгөн жугуштуу илдеттерге кабылат. Шаардын Сите Солей деп аталган районунда жашоочулардын орточо жаш курагы 50 жаш. Канализация жок, таштандылар жыйналган эмес, кылмыштуулук күч алган.
Өзүнүн жакырчылыгы менен начар шаарлардын 5-катарында Хартум шаары турат.
Хартум
Судан Республикасынын Хартум шаары өзүнүн чыгыш стилиндеги архитектуралык курулуштары менен туристтерди кубандыра алат. Абдан ысык өлкөлөрдүн катарында турган Судандын борборунун инфраструктурасы башаламан экенин айтышат туристтер. Өзгөчө унаалардын көптүгү жана ар ким каалаган жерине унаасын токтотуп кете бергендиги тургундарга ыңгайсыздыктарды жаратат. Судан дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына киргендиктен элинин жашоо шарты да төмөн. Калкынын 40 пайызы өтө жакыр шартта жашайт. Буга байланыштуу шаарда кайырчылар көп.
Ал эми бул тизмеде Бишкек 207-орунга туруп, дүйнөдөгү начар шаарлардын катарына кирди.
Жыл сайын шаарлардын рейтингин аныктаган Mercer'дин изилдөөсүндө Бишкек өткөн жылы 209-орунда болчу.