Акыйкатчы институтунун сайтын хакерлер бузуп киришти
6-майда КРнын Акыйкатчы институтунун расмий
сайтын хакерлер бузуп киришти. Бул тууралуу башкы укук коргоочунун басма сөз кызматы билдирди. Ошол себептен учурда колдонуучулардын сайтка кирүү мүмкүнчүлүгү чектелди. Азырынча
Акыйкатчы институтунун сайтына кол салган жарандардын аты-жөнү тактала элек. Бул иш боюнча “Кыргызтелеком”
ишканасынын тиешелүү бөлүмүнө кабар жиберилип, учурда сайтты калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.