ӨКМ: Өзгөндө жер көчкүдөн жабыркап, чатырда жашагандарга электр энергиясы тартылат

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Зергер айыл аймагынын Ничке-Сай айылында чатырда жашагандарга камкордуктар көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, министр Кубатбек Боронов бүгүн, кырсык болгон аймакка барып абалды көрөт. Ал эми убактылуу чатырда жашагандар үчүн электр чубалгысы тартылып, жашоого шарт түзүлүп берилет.

Эскерте кетсек, 26-мартта аталган айылда көлөмү 500 миң метр куб, узундугу 800, туурасы 120, бийиктиги 8 метрге жеткен жер көчкү жүрүп, 4 үйдү басып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан