Баткен облустук ооруканасында көз дарылоо бөлүмү ачылды

28-мартта Баткен облустук ооруканасында биринчи жолу көз дарылоо бөлүмү ачылды. Бул тууралуу "Кызыл жарым ай" коомунан билдиришти.

Маалыматка караганда бөлүмдүн ачылышына байланыштуу дарыгерлердин жана медайымдардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга да көңүл бурулган. Калктын медициналык кызматтарга болгон муктаждыктарын жеңилдетүү максатында ачылган бөлүмгө көз ооруларын аныктоочу жана дарылоочу жабдыктар алынган.

"Жакынкы күндөрдө оптика иш бөлмөсүн ачуу пландалууда. Ал жерге керектүү жабдуулар орнотулгандан кийин дарыгерлер көз айнектерди жасап башташат" деп айтылат маалыматта. Көз дарылоо бөлүмү Швейцариялык "Кызыл Крест" коомунун каржылык колдоосунда ачылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zamakure
2017-03-29 12:00:26
Супер
+1
Uson13
2017-03-29 13:42:42
жакшы жаңылык
+1
suluushka.kg
2017-03-30 11:18:35
Жакшы жанылык. Биздин супсулушка Бурулайкагоооо ишине ийгилик..
0
aydarken
2017-03-30 12:55:17
Жакшы жанылык буйурса жазда барам козумду корсотойунчу коп жылдан бээри жаш агат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан