Вагондо жашаган эне SUPER.KG порталына чыккандан кийин ага кайрымдуу жарандар үй салышууда

3 баласы менен вагондо жашаган Айжамал Мамырова SUPER.KG порталына чыккандан кийин ага кайрымдуу жарандар үй салышууда.

Супер ТВ бөлүмүнүн сюжеттеринин биринде 30 жаштагы Айжамал Мамырованын 3 баласы менен вагондо жашап, оор шартта күн кечирип жатканы, балдарынын абалы тууралуу көрсөтүлгөн. Көп узабай кайрымдуу жарандардан ага бекер үй салып берүү мүмкүнчүлүгү жаралып, там тургузулууда. Мындай жагымдуу кабарды SUPER.KG порталына активист Азамат Байматов билдирди.

"Учурда Айжамал Мамырованын үй-бүлөсүнө Жайыл районуна караштуу Степное айылында 5 бөлмөлүү үй салынууда. Пайдубалын кеч күздө куюп, тамды эрте жазда кура баштаганбыз. Дубалын тургузуп баштаганыбызга 10 күн болду. Кудай буюрса, 2-3 айдын аралыгында толук бүтүп, ачкычын ээсине тапшырабыз. Коомдо кайдыгер карабаган инсандарыбыз көп экен. Үй мына ошол адамдардын которгон каражатына курулууда", - дейт Азамат Байматов.

Эскерте кетсек, бир нече ай мурун Айжамал Мамырова батирге чыгуу үчүн төлөгөнгө акчасы жок болгондуктан, 3 баласы менен вагондо жашоого аргасыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bermet104
2017-03-29 11:01:14
Аллага шүгүр! Элибиз ыймандуу, бирөөнүн кайгысына, оор жашоо турмушуна кайдыгер карабаган адамдардан кем эмес!
+11
bilbeim.dordoi
2017-03-29 11:02:35
Азаматсынар
+9
meni_kut
2017-03-29 11:13:38
Кечиресиздер саясат болуму жабык экен.Шыкмаматов,Садык Шер Нияз текебаевдин тарапташтары озунчо ,Садыровдуку озунчо болуп болунбой бирикбейсинерби??Ырыс алды ынтымак деген жомоктой бирден болсонор сындырып кетет,копчулукту сындыра албайт.Эл деле акча учун чыкканы билинип калды.
-5
Nuura-shirin
2017-03-29 11:16:24
Жакшы кабар экен
+2
Salman.eldar
2017-03-29 11:22:07
Кудайга шугур! бир да болсо жакшы жанылык! Ушундай кайрымдуулуктар коп болсо экен, элибизде. аябай кубанычтамын, мага уй салып бергендей. бутуп калсын эми
+6
gulmira12345
2017-03-29 11:30:02
Азамат атына затын жарашкан бала экенсин сенден Аллах раазы болсун уй булоон менен бактылуу бол чондордун колунан канчалаган байлардын колунан келбеген нерселерди кылып жатасын жетимдин мандайынан сыласан муратка жетесин дейт сага Аллах берет
+5
azamat1978
2017-03-29 11:40:53
Аллахтан калбайлы элден айлансин деп калчуу эле ата бабаларыбыз
+2
kyrgyz.kg83
2017-03-29 12:14:20
Алаа ыразы болсун!!!бугунку ен жакшы жанылык,журокту жашыткан кабар десем жанылышпайм,
+2
Aruwka.89
2017-03-29 14:17:09
Аий жаман суйундум озумчо толкунданып ак жолтой уй болсун!!!
+3
etaj_rus79
2017-03-29 14:53:39
кыргыз элимен айланайын Алла бейишинен орун берсин ким жардам кылгын болсо садака бул эн жакшы сраховка
+3
Drongo
2017-03-29 15:04:20
Азамат жигит экенсин,Азамат!Жараткан Кудай Озу колдосун!Баштаган ишинди таштаба.
+3
89elnura89
2017-03-29 17:15:54
Азамат сиз биздин озун ойлогон депутаттарыбызга караганда урматка татыктуусуз сиздей инсандар кобойсун
+2
Topchu83
2017-03-29 18:58:23
Азамат кудай ыраазы болсун, дагы жакшы иштерди аткара бер. Бул жакшылыктын аркасынан коп жакшылык эрчип келе берсин коп тойлор болсун ушул уйдо.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан