Өлкө боюнча апрель айы жылуу болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Чүй жана Талас облустарында абанын эң төмөнкү көрсөткүчү айдын башында болору күтүлүүдө. Анда Чүй облусунда түнкүсүн 6...8° жылуу болсо, айрым аймактарда аба ырайы 0…-2° көрсөткүчүнө түшүп, үшүк жүрүшү мүмкүн. Айдын экинчи жана үчүнчү бөлүгүндө күн жылып, түнкүсүн 3...8° - 9...14°, күндүзү 13...18° - 20…25° жылуу болот. Ал эми Таласта эң төмөнкү көрсөткүч айдын башына туш келип түнкүсүн 0…5° түзөт. Таласта да айдын экинчи бөлүгүнөн тарта күн ысый баштайт.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы тоолуу райондордо аба ырайы 13...16º жылуу болот. Бул облустарда дагы эң төмөнкү 2…7° көрсөткүчү айдын башында болмокчу. Тоолуу аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн. Айдын 2-бөлүгүнөн тарта аба ырайы түнкүсүн 5…10°, күндүзү 20…25° болот. Жаан-чачындын деңгээли нормадан жогору болушу күтүлүүдө.
Ысык-Көл облусунда эң төмөнкү аба ырайынын көрсөткүчү айдын башына туш келип, түнкүсүн 0…5°, күндүзү 7…12° жылуу болот, ошол эле маалда айрым аймактарында үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Айдын экинчи жана үчүнчү бөлүгүндө түнкүсүн 3...8° жылуу болсо, күндүз 13…18° жылуу болот.
Нарын облусунда айдын орточо температурасы климаттык нормада 7…9° жылуу болот. Ай бою температура туруктуу болбойт. Түнкүсүн -4°...1° - 2...7° болсо, күндүз 8...13° - 15…20° жылуу болот.