ЭЛДИК КАБАР: "Маевка айылында соода түйүндөр баш аламан коюлган" дейт окурман

Бишкек шаарынын четиндеги Маевка айылындагы соода түйүндөр жеке турак жайларга өтө жакын жайгашканын окурман бүгүн, 29-мартта SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кабарлады.

"Мындай абал бир топ ыңгайсыздыктарды жаратат. Наабайкана, унаа жуучу жай, дүкөндүн баары баш аламан коюлуп, унаа жолдун жээгинде турат. Негизи унаа жол менен да, жеке турак жайлар менен да ортосунда кандайдыр бир аралык болушу керек. Булардын жайгашуусу эч кандай стандарттарга жооп бербейт. Алардын ээлери айыл өкмөттөн уруксат алышкан. Айыл өкмөткө иреттүүлүктү сактоону сунуштаганыбыз менен, алар укпайт", - деп жазылат окурмандын билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан