Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева жакында эле уулдуу болгон эле. Ымыркайдын ысымын ата-энеси коёрун өлкө башчы журналисттер менен жолукканда айткан. Бүгүн, 29-мартта уулун Таир деп аташканын Алия Шагиева интернеттеги өздүк баракчасына жазды.
Ал толгоосу 11 саатка созулганын, бул арада ага жолдошу жана доула (төрөт учурунда маалымат берип, психологиялык жактан жардам берчү адам) колдоо көрсөткөнүн жазат.
"Дарыгер-акушер Руслан Дамировичке ыраазычылык айткым келет. Ал өз ишин мыкты билген адис гана эмес, ишин сүйгөн адам. Ал бир убакта кабатырланып да, тамашалап да жатты", - дейт.
"Наристебиз ыйлаган жок" деген Алия Шагиева баланын көкүрөгүндө жатканын көрүп таасирленгенин айтат. "Таир аябай жоош болгондуктан, мен сүрөт тартканга жетишип жатам. Азыр жанымда балабыз уктап жатат. Жашоосундагы биринчи айы канчалык оор экенин түшүнөм. Жаңы төрөлгөн балдар бул учурда өздөрүн космонавттай сезишет. Аларга өздөрүнүн денеси ыңгайсыз, оор көрүнөт. Ошондуктан аларды колго көтөргөн маанилүү", - дейт Шагиева.
Белгилей кетсек, өткөн жылдын 3-сентябрында Алия Шагиева турмушка чыкканын жарыялаган. А.Шагиева өзү жаш сүрөтчү катары белгилүү. Күйөөсү Константин Рязанов 1992-жылы Бишкекте туулган. Кесиби боюнча программист.