Мезгилдин жаз айлары тушунда аба ырайы суук болуп, жамгыр аралаш кар жааган учурлар катталды. Мындан улам жергебизге жаздын келиши 15-20 күнгө кечигип келди. Мындай пикирин талаачылык менен алектенип, чарба иштери менен шугулданган дыйкандар айтышууда. Ал тургай социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары өткөн жылдын ушул күндөрүндө айлана жашылданып, толук кандуу дыйканчылык иштери башталганын жазышууда.
Борбор калаада акыркы эки күндөн бери жылуулуктун температурасы көтөрүлүп, жаз жанданып баштагандай элес калтырууда. Окурмандарга Бишкек шаарындагы жаздын келишин сүрөттөр аркылуу чагылдыруу аракетин көрдүк.
Күндүн жылыганына сүйүнгөн тургундар шаарды аралап, эс алуу бактарында сейилдеп жүрүшөт. Айрымдары курбулары менен балмуздак жеп, велосипед тээп эс алышууда. Алардын арасында кээ бири эстелик үчүн сүрөткө түшүп жатса, орто жаштагы адамдар шахмат ойноо менен алек.
Жаштардын көбү жеңил-желпи кийинип, күндүн нурларына жылынышса, улуу муундагы адамдардын көпчүлүгү жеңил кийимге өтө албай жаткандарын байкоого болот.
Бүгүнкү аба ырайынын көрсөткүчү борбор калаада 15-20 градуска жетти. Өлкөнүн тоолуу аймактары ушул күнгө чейин калың кардан бошоно албай келет.