Эртең Бишкекте чоң энелер таймашы өтөт

Бишкектеги "Сейтек" борборунда эртең, 30-мартта чоң энелер арасында сынак өткөрүлөт. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда сынакка Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Баткен облусунан жана Бишкек шаарынан 5 команда катышат.

"Ар бир команда ыр, бийлер аркылуу чыгармачыл потенциалын көрсөтүшөт. Мындан сырткары ой жүгүртүү, тапкычтык жагынан да таймашышат. Ошондой эле заманбап жана улуттук кийимдерди көрсөтүшөт. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана баалуу белектер берилет", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ayida
2017-03-29 19:58:58
Сейтек борбору кайерде эле?
0
Rasul94
2017-03-29 20:10:35
апамы алып барат элем эртерек айтпапсынаар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан