Өзгөн районунда жер көчкү басып калган үй-бүлөгө өлкө башчынын атынан 100 миң сом жардам берилди

Өзгөн районунун Заргер айыл аймагынын Ничке-Сай айылында жер көчкү басып калган үй-бүлөгө өлкө башчынын атынан 100 миң сом жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 29-мартта Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаратылыш кырсыгынан жапа чеккен Өмүрзак Эгемкуловдун жакындарына президент Алмазбек Атамбаевдин атынан 100 миң, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун атынан 70 миң, ал эми өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан 50 миң сом акчалай көмөк көрсөтүлдү.

"Жабыркаган үй-бүлөгө бөлүнгөн каражатты Ош облусунун башчысы Таалайбек Сарыбашов тапшырды. Алгач каза болгон үй-бүлө мүчөлөрүнө багышталып куран окулду. Андан соң облус башчысы жана Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов айыл эли менен пикир алышты", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Эскерте кетсек, 26-мартта аталган айылда көлөмү 500 миң метр куб, узундугу 800, туурасы 120, бийиктиги 8 метрге жеткен жер көчкү жүрүп, 4 үйдү басып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
ABDulHai
2017-03-29 17:31:48
Жакшы
+2
Zinazima
2017-03-29 18:44:03
Президентибиз жардам бергенде берип эле жатат элибизге мен бул кишини жегич дегенден алысмын
+1
Kroxa
2017-03-29 20:41:10
Туура кылган иштерин эч ким кеп кылбайт,
+1
Aldyiar
2017-03-29 21:43:27
Окмоттун казынасынан берилди деп айтыш керек.Алар элдин акчасын эле жееп журошотко колдорунан эч нерсе келбей. 25 жылдан бери бири-бирин чукулап келишет бир нерсени чече алышбайт ХХХ.
+2
Bubu88
2017-03-29 23:32:28
Жакшы нерсе кылса бирөөсү бир ооз ачып койсо өлөйүн алынын жетишинче иштеп эле атат жардам берип атат коррупцияны жоюп атат дагы не керек башка
-1
kemel81
2017-03-30 00:00:17
Олко башчынын атынан берилди дегенди кандай тушунсо болот. Озунун жеке чонтогунонбу же элдин эсебиненби?
+1
Bubu88
2017-03-30 06:26:31
kemel81, өзүнүн чонтогунон
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан