Бишкекке апрелде 1 миллион 700 даана гүл отургузулат

Бишкек шаарынын аймагына апрель айынын аягында 1 миллион 700 даана гүл отургузулат. Мындай маалыматты бүгүн, 29-мартта шаардык мэрияга караштуу гүлбакчанын башчысы Мария Акматова SUPER.KG порталына билдирди.

М.Акматованын айтымында, учурда гүлдөр өнүп калды. Аларды өстүрүү үчүн 8 күнөскана иштетилет.

Чет өлкөдөн алынып келинген үрөндөн 1 миллион 400 гүл өстүрүлүп жатат. Мындан тышкары гүлбакчанын жумушчулары чогулткан үрөндөр да себилген.

"Үрөндөр Чехиядан алынып келген. Жалпысынан гүлдүн 15-16 түрү өстүрүлүп жатат. Алардын арасында сальвия, цинерария, агератум, петуния, колеус жана башка гүлдөр бар. Быйыл өзгөчөлүк катары катарантус гүлүн шаарга чыгарабыз. Бул гүл бизде биринчи жолу өстүрүлүп жатат, биз анын мүнөздөмөсү менен таанышып чыктык. Биздин климатка ылайыктуу экен. Колеус гүлү өткөн жылы шаардыктарга абдан жаккан эле. Бирок анда бир эле кочкул кызыл түстүүсүн тиккенбиз, быйыл жашыл жана сары түстөрүн да септик", - деди М.Акматова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aibars
2017-03-30 00:56:26
Эми Ушул гулдорду тебелеп тепсебейли
+2
sabyr86
2017-03-30 05:21:40
Жулуп кетип үйлөрүнө отургузуп алышчу эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан