Британиялык "The Independent" басылмасы дүйнөнүн адабий картасын жарыялаган. Анда Кыргыз өлкөсү дүйнөлүк адабияттын классигине айланган Чыӊгыз Айтматовдун "Жамиля" повести менен берилген. Кызыгы, Айматовдун "Кылым карытар бир күн" ("The Day Lasts More Than a Hundred Years") романы Казакстандын атынан көрсөтүлгөн.
Басылманын билдиргенине караганда таасирдүү, күчтүү китептер окурманга эч качан көрбөгөн, билбеген башка маданиятты таануусуна түрткү болот. Ар бир өлкөнүн адабий картасында ошол өлкөдөгү эӊ белгилүү же маанилүү чыгарма көрсөтүлгөнү айтылат.
Улуу Британия Жейн Остиндин "Текебердик жана шек саноо", Франция Виктор Гюгонун "Куугунтук жегендер", Орусия болсо Лев Толстойдун "Согуш жана тынчтык" чыгармасы менен көрсөтүлгөн. Картада жалпы дүйнөдөгү 197 өлкө чагылдырылган.