Бүгүн, 30-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт

Бүгүн, 30-мартта Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда кар көчкүнү атып түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

"Атайылап кар көчкүнү атып түшүрүү иштери Нарын-Торугарт унаа жолунун 289-чакырымында, Кара-Үңкүр участогунда жүргүзүлөт. Мында артиллериялык курал колдонулат. Саат 11:00дөн 17:00гө чейин Кочкор районунун Сары-Булак айылынан жана Нарын районунун Оттук айылынан унаа каттамы жабылат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Облустук өкүлчүлүк жол коопсуздугун сактоо максатында жүргүнчүлөрдү убактылуу жолго чыкпай турууну сунуштайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан