Кызыл-Кыя шаарында бала бакча ишке берилди. Бул тууралуу бүгүн, 30-мартта Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Санитардык-эпидемиологиялык борборго берилип кеткен имарат кайтарылып алынды. Жергиликтүү бюджеттен жана грант эсебинен 8 миллион сомго капиталдык оңдоо иштери жасалды. Жаңы ачылган балдар бакчасы 180 орундуу, балдар 6 тайпада тарбияланмакчы. Бүгүнкү күндө Кызыл-Кыя шаарында жалпысынан 13 бала бакчасы иштеп, 2000ден ашык балдар тарбияланат", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, балдар бакчасынын салтанаттуу ачылуу аземине өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Кызыл-Кыя шаарынын мэри Эрмек Топчубаев жана жергиликтүү тургундар катышты.
Баткен облусунда 2016-жылы 17 балдар бакчасы ачылып, ага 1651 бала тартылган. Бүгүнкү күндө облус боюнча жалпы 150 балдар бакчасы болсо, анда 18 253 бала тарбияланып келет.