Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы элчиси Болот Отунбаев мурунку ишине айкалыштыруу менен кошумча өлкөнүн Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу 30-мартта президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Б.Отунбаев 1965-жылы 9-мартта Ош шаарында төрөлгөн. 1987-жылы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин аяктап, 1990-1993-жылдары ошол эле окуу жайда аспирантурада окуп тарых илимдеринин кандидаты болгон. 1993-жылы ММУнун Башкаруу жогорку мектебин, 2000-жылы Орусия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Дипломатиялык академияны аяктаган.
2012-жылдын 15-февралынан тарта Кыргыз мамлекетинин Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматтарын аркалаган.
Ошондой эле ага Швеция, Дания, Норвегия падышачылыктары менен Сан-Марино Республикасындагы дипломатиялык миссия жүктөлгөн. Ал кызматта 2015-жылдын май айына чейин иштеп, кызматтан кетүү тууралуу өз каалоосу менен арыз жазган.
2015-жылы КСДП партиясынын атынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер болгон.
Ал эми 2016-жылдын февраль айында Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчиси кызмат ордуна көрсөтүлгөн Болот Отунбаевдин талапкерлигин жактырган.