Кыргыз спортчусу Аида Мамыралиева ок атуу боюнча Казакстанда өткөн эл аралык "Алтын мерген" мелдешинен алтын медалды жеңип алды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт агенттигинен маалымдашты.
Таамай атуу мелдеши 24-марттан 27-мартка чейин уланган. Ага Өзбекстан, Тажикстан, Кыргыз мамлекети жана Казакстан өлкөлөрүнөн 200гө жакын спортчу катышты.
Аталган сынакка буга чейин олимпиадалык оюндарга катышып жүргөн оюнчулар жана дүйнөлүк чемпионаттын жеңүүчүлөрү да катышкан. Аида Мамыралиева пневматикалык куралды пайдаланган.