Бишкекте 30-мартта өлкөдөгү сөз эркиндиги жана тынч жыйналыштар талкууланган тегерек стол өтүүдө. Жыйынга саясатчылар, эксперттер, журналисттер жана башкалар катышып жатат.
Мурдагы депутат Чолпон Жакупова бүгүнкү тегерек столду уюштурууну сунуштаган акыйкатчы Кубат Оторбаевге ыраазычылык билдирип, анын сөз эркиндиги жаатындагы акыркы кырдаалга баа берүүгө бел байлашы колдоого аларлык иш экенин айтты. Экс-депутат 25-мартта УКМК имаратынын алдынан митингчилерди кармап кетүү окуясын сындап, тийиштүү органдар тарабынан буга тийиштүү көӊүл бурулбай жатканын баса белгиледи.
Жакупова бүгүнкү күндө мыйзамсыз чечимдерди чыгарган судьялар эртеби-кечпи баары бир жоопко тартыларын кошумчалады.