Бишкекте 30-мартта өлкөдөгү сөз эркиндиги жана тынч жыйналыштар талкууланган тегерек стол өтүүдө. Жыйынга саясатчылар, эксперттер, журналисттер жана башкалар катышып жатышат.
Укук коргоочу Бүбүсара Рыскулова бийлик дагы, оппозиция дагы мыйзамдын чегинен чыкпашы керектигин билдирди. "Камалган саясатчылардын соту ачык болушун талап кылышыбыз керек. Чындыкты эл билүүгө тийиш. Акыйкатчы баш болуп мониторинг жасайлы. Ал эми митингдерде чагымчылдык жасаган кишини таап, кызматтан кууп, соттош керек. Анан өзүбүздүн укукту мыйзам чегинде коргоого өтөлү, элге да үйрөтөлү", - деди укук коргоочу.
Жыйын соӊунда катышуучулар тарабынан айтылган сунуш-пикирлер эске алынып, атайын резолюция кабыл алынды.