Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл өткөрүү пункттарын оңдоого 5,9 миллион доллар жумшайт. Бул тууралуу 30-мартта Казакстан өлкөсүнүн Кыргыз Республикасындагы элчилиги кабарлады.
"Муну менен биз Борбор Азия аймагына транспорттук коридорду кеңейтүүнү, чек арадан өтүү процессин ылдамдатууну, ошондой эле жарандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүүнү көздөп жатабыз. Оңдоо иштери май айынан ноябрь айына чейин уланмакчы. "Кордай" пунктунда унаа токтотуучу жай курулуп, жолдорго жаңы асфальт төшөлөт", - деп билдирди элчиликтин өкүлү.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев президентке жана Казакстандын Адам укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакировго кыргыз-казак чек арасындагы "Кордай" пунктундагы шарттардын жоктугу жана казак чек арачыларынын иш-аракеттери боюнча кайрылган.
Жакын арадан бери кыргыз-казак көзөмөл өткөрүү пункттары оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабыла баштады. Казак президенти Нурсултан Назарбаев да транспорттук коридорду кеңейтүү зарылдыгын жана тейлөөнү жогорулатуу керектигин айткан.