Улуттук онкологиялык борбордун дарыгери өлүм алдындагы бейтаптардын дарысын уурдап жатканын кечээ, 29-мартта социалдык түйүндүн колдонуучусу Феликс Калыбеков жеке баракчасына жазган.
Ал баракчасына: "Улуттук онкологиялык борборундагы 3-бөлүмдүн дарыгери өлүм алдында жаткан бейтаптардын дарысын уурдап жатат. Мен муну жөн калтырбайм. Атам ашказанынан рак болуп төшөктө жатат. Операциядан кийин кечки ийне саюу учурунда дарыгер колдонулган чүпүрөккө атамдын дарыларын ороп уурдап алган. Бул кылмыш. Дарыгердин бул аракетин жанымдагылар көрүштү. Алар керек болсо далилдеп беришет", - деп жазган.
Ошондой эле Феликс Калыбеков Саламаттыкты сактоо министрлиги, депутаттар, айтор, ким текшерүүгө милдеттүү болсо, бейтапкананын ишин текшерип, дарыгерди жазалаш керек деген оюн жазган.
Улуттук онкология борборуна байланышканыбызда, катталган окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтышты.
Ал эми Феликс Калыбеков SUPER.KG порталына дарыгер андан кечирим сураганын айтты.
"Бул иш боюнча атайын кызматтык териштирүү башталганын жетекчилери билдиришти. Ошондой эле окуяга тиешеси бар дарыгер жумуштан алынарын айтышты. Ал эми дарыгер менден кечирим сурап, социалдык баракчага жазган билдирүүнү алып салууну суранды", - деди Калыбеков.