Бишкек шаарынын четиндеги унаа жуучу жайлардын биринде 17 жылдан бери чакан автобус жууп иштеген Асыл Эсенгулова 4 баласын жалгыз багып келет. Ал эле эмес, жанына майыптардын арабасында отурган 10 жаштагы кызын алып жүргөнүн көрүүгө болот. Анткени ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген кызын үйүндө карай турган киши жок экендигин айтат. Ал: "Туугандарым буларды балдар үйүнө өткөр, өзүңдү кара дешет, кантип ичимден чыккан балдарды таштап кетмек элем", - дейт.
Эненин тагдыры тууралуу кененирээк “Супер-Инфонун” жарык көргөн жаңы санынан (№752, 31-март, 2017-жыл) тааныша аласыз.