Италиялык белгилүү зергер Паоло Булгари 89 жашында Рим шаарында каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка ылайык, анын каза болгонун үй-бүлөсү 21-ноябрда билдирди.
Маалымат үчүн: Паоло Булгари "Bulgari" брендин негиздеген Сотириоса Булгаринин небереси. Ал 1960-жылы үй-бүлөлүк компанияга кошулуп, 1984-жылы аны жетектей баштаган. Анын жетекчилиги алдында бренд зер буюмдардан тышкары саат, атыр жана аксессуарларды чыгаруу багытында кеңейген.
"Bulgari" бренди өзгөчө түркүн түстүү асыл таштары жана жылан формасындагы "Serpenti" коллекциясы менен белгилүү. Коллекциянын алгачкы үлгүлөрү 1948-жылы чыккан.
Аталган бренддин зер буюмдарын Элизабет Тейлор, Софи Лорен, Одри Хепберн жана Николь Кидман сыяктуу дүйнөлүк жылдыздар тагынышкан.