СУПЕРСТАН: "Коомдук унаага түшкөндө, жаштар орун берип, ыймандуу боло башташты"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Коомдук транспорт" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Азыр жаштар мурдагы жылдарга салыштырмалуу ыймандуу боло башташты. Каттамдык маршруттун акыркы орду гана жаштар үчүн экенин эч ким айтпаса да, салтка айлангандай көрүнүш. Эки-үч жыл мурун "ай, турагой, мага орун берчи..." деген эжекелер, азыр унчукпай эле унаага кирер замат орундук таба алат. Айтайын дегеним, ошол кээ бир улуу муундагы адамдардын маданияты, орун берген адамга "рахмат!" деген бир ооз сөздү да кээде аяшат".

"Улутту бөлүү эмес, бирок орус улутундагы улуу адамдар, жеке менин көз карашымда, бул көрүнүштө өздөрүн абдан маданияттуу алып жүрүшөт. Орун берген адамга болгон ыраазычылыгын айтып отурат да, колуңдагы оор болобу, жеңил болобу сумкаңды алдына алып алат. Же оройлук биздин каныбызга сиңген мүнөздөрдүн бириби?"

"Качан көрбө, айдоочу унаа башкарып баратып "эй, каякка жеттиң, "тигини жай айда деп айтып койчу", "баланча жерде МАИ бар экен" деп, бир жагынан акча санап, бир жагынан кирип жаткан кишинин санын эсептеп, бир жагынан уюлдук телефонго жооп берип, бир жагынан ат чабышка түшкөнсүп, үчүнчү сызыктан, күтүүсүз бурулуштарды жасап, упай топтоп жаткансып, тосуп турган кардарларды да салганга үлгүрөт. Кокустан кардар көрө калса, алтын көрө калгандай, тормозду дароо басышат".

"Бишкекте рахмат айтпай отуруп алган көп эле кездешет. Кыргыздарда улууну сыйлоо "по умолчанию" болгондуктан, улуулар өзүнүн энчисин алып жаткандай болушуп, рахмат айтууну милдет көрбөйт".

"Айдоочулар адамды ашыкча сала бергени жанды кашайтат да. Анан анча-мынча жаш жигиттер орун берсе, "тарбиясы дурус экен" деп, чечим чыгарып коёсуң өз алдыңча".

"Коомдук унаага түшкөндө туруп кеткенди жаман көрөм, акча төлөдүңбү отуруш керек. Отурбасак эмнеге төлөйбүз деп жиним келет. Ушул жерге токтотуңуз деп айтсаң өтүп кетип токтогондор эч жакпайт, түшүп аябай сүйлөнөм".

"Жол эрежеси боюнча коомдук унаалар аялдамага эле токтош керек, а биз ар жерден "токтотуп коюңуз" деп башын оорута беребиз. Жетейин дегенде алдын ала айтып, эскертип коюш керек. Бир коомдук унаада 12 орун болсо, 12 адамды салып кетсе, кантип актайт? Жол кире 10 сом, кээде ошол акча менен 1 сааттык жерге барабыз. Ошондо 120 сомго салярка да келбейт го? Аялдамадан кишилер чыгып атса, "2 орун бар, 2 эле киши түшкүлө дейби?", калганы кийинкисин күтөбү? Туруп кетсең да, чуркап кетпегениңе сүйүнүп кете бер да".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Djal1987
2017-03-31 01:46:38
Илгертен эле бошотуп келебиз го белибиз катый электен эле. Наоборот рахматын эле айтып койбой унчукпай отуруп алышат. Мен бала чагымдан бери эле орун берем.
+2
shamshiev.80
2017-03-31 13:21:26
Рахматын айта журушсо артынан жакшы болмок,оорун бошоткондорго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан