Чыңгыз Айтматовдун балдарга арналган чыгармаларынын жыйнагы даярдалып жатат

Кыргыз ССРнин Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун балдарга арналган чыгармаларынын жыйнагы кыргыз жана орус тилдеринде даярдалып жатат. Мындай маалымат залкар жазуучунун уулу Элдар Айтматов менен "Манас" аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Эмир Чукуевдин жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Бул тууралуу 30-мартта аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда Элдар Айтматов жолугушууда Ч.Айтматов атындагы эл аралык фонддун миссиясы, азыркы күндө аткарып жаткан иштери жөнүндө айткан. Ошону менен бирге фонд жаштар арасында жаңы гуманисттик жолдорду өнүктүрүү, адамзат баалуулуктарын түшүнүүгө кол кабыш кылуу жаатында иштеп келерин белгилеген.

Өз кезинде Эмир Чукуев фонддун идеяларын колдой турганын айтып, аэропорттун башкармалыгы жазуучунун жомоктор жыйнагын чыгарууга каржы жагынан көмөктөшөрүн кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан