Мындан 150 жыл мурун, 1867-жылы 30-мартта орусиялык дипломат Эдуард Стекл Вашингтон шаарында Аляска жарым аралын Америка Кошмо Штаттарына сатылышы туурасындагы келишимге кол койгон. Келишимге ылайык, орус-америкалык компания АКШга Алясканы 7 миллион 200 миң долларга саткан.
Падышалык Орусия Аляска менен Алеут аралдарынан мурда эле кутулууну каалаган. Аляскадагы орус колониясы ал убакта 600 адамга жетип, өлкө казынасы алыскы аймакты коргоого күчү жеткен эмес. Ошондой эле алыскы аралдарды коруганга караганда Амур жээги менен Орто Азиядагы ээликтерин кеңейтүүнү самаган.
Американын өзүндө да жарым аралды сатып алуу идеясы кызыгуу туудурган эмес. Алясканы сатып алуу маселеси Кошмо Штаттардын Сенатында болгону бир добуш артыкчылык менен кабыл алынган. Сенатор Чарльз Самнер жаңы аймакты сатып алуу керектигин жактап, ал үчүн "Аляска", тактап айтканда, "Чоң жер" терминин колдонгон. Аляскада качан алтын жана башка минералдык кендердин бай запасы табылгандан кийин америкалыктар катуу сүйүнүшкөн. Ал эми орустар ошол күндөн азыркыга чейин Американын колундагы стратегиялык маанилүү аймактан айрылганына бармагын тиштеп келишет.
30-мартка карата жылнаама.