Бүгүн, 30-мартта Бишкек шаарындагы "Сейтек" балдар борборунда "Кана эмесе, чоң энелер!" аталышындагы сынак өттү. Сынакка Ысык-Көл, Баткен, Жалал-Абад, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан түзүлгөн 5 команда катышты.
Таймаштын катышуучулары бий, ыр, улуттук кийимдерди көрсөтүү, тапкычтык боюнча күч сынашып, иш-чара алар үчүн кызыктуу өткөнүн айтышты. Жалал-Абаддан келген "Ишкер апалар" командасынын курамы мындай сынактын өткөрүлө тургандыгын укканда абдан таң калышкан.
"Бул сынактын болорун угуп кубандык. Биз да коомго пайдалуу экенбиз, биздин өнөрүбүзгө, жан дүйнөбүзгө кызыккандар бар экен деген сезимдер келди. Үйдөгү балдарым, неберелерим ийгилик каалап жөнөтүштү", - деди аталган команданын мүчөсү Батма Чоноева.
Ал эми Баткенден келген Касиет Анарова ыр-бий, маанайды көтөргөн иш-чаралар ден соолукка да пайда экенин белгиледи.
"Мен мындай сахнага өмүрүмдө биринчи жолу чыгып жатам. Толкундануу болду, бирок жагымдуу. Утабыз деп атайын Баткенден келдик, көпкө даярдандык. Уюштуруучулар жол кире, бул жердеги жатакананы камсыздап беришти", - деген ою менен бөлүштү.
Сынакка катышкан чоң энелердин даярдыгы, тартуулаган өнөрлөрү калыстар тобу тарабынан бааланып жатты.
"Биз улгайган адамдардын потенциалын толук пайдаланбайбыз. Чынында аларда тажрыйба көп, өздөрүн коомго керексиз сезип, чөгүп кетүүсүнө жол бербешибиз керек. Тескерисинче, алардын топтолгон тажрыйбаларын үйрөнүшүбүз зарыл", - деди уюштуруучу топтун мүчөсү Айсулуу Камчыбекова.
Сынак 3 саатка созулуп, чоң энелер келген көрүүчүлөрдү эриктирген жок. Көпчүлүгү секирип бийлеп, көйкөлө басып мода көрсөтүп конокторду таң калтырып жатышты.
Жыйынтыгында бишкектик чоң энелер жеңишке ээ болду. Сынактын ар бир катышуучусуна заманбап үй-тиричилик техникасы берилди.
"Мындай сынактар Советтер Союзу тарагандан бери өтө элек болчу. Чынында абдан кубанып турам, мен өзүм да чоң энемин, 2 неберем бар. Чоң энелер деле кээде ырдап-бийлеп, таймашып, активдүү болуп койгонго неге болбосун. Чет өлкөгө барганымда улгайган жарандар рюкзактарын артынып алып, бирин-бири жөлөп-таяп саякаттап жүргөнүн көрөм. А биз турмуш-тиричилигине жетиштүү пенсия бере албайбыз. Келечекте карыларыбыздын кадырына жете турган учур келет деп үмүттөнөм", - деди эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайгүл Исакунова.