Бүгүн, 30-мартта Ошто "Бош орундар жарманкеси-2017" иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жарманкеге өлкөнүн аймактарынан алынган 4500дөн ашуун бош орундар жумуш издегендерге сунушталды.
"Иш-чарага 36 мекеме-ишканалар пайда болгон бош орундары тууралуу айтып, өндүргөн азыктары менен катышышты. Жарманкеге жумуш издеген жарандар, ошондой эле Ош шаарындагы жогору окуу жайлардын, кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү катышышты", - деп жазылат маалыматта.
Жарманкенин жыйынтыгында иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөргө катышкандардын арасынан 22 жаран жумушка орношкону маалым болду. Мындан сырткары 207 резюме кабыл алынган.