"Мен адашып алдым", - деп "Бир бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов эмне себептен парламент жыйынында өзүн "Ак жол" фракциясынын өкүлү катары тааныштырганын түшүндүрдү.
"Талкууда менин мыйзамым болчу. Спикер микрофонумду күйгүзбөй койгондуктан, колумду көтөрдүм. Колумду көтөрсөм да сөз бербеди. Андан соң кайра кайтаруу боюнча сөз болуп калды. Ошондо 5-микрофонго чыгып сүйлөдүм. Регламент боюнча, микрофонго чыккан депутат өзүнүн аты-жөнүн айтыш керек. Бирок бизде көбү айтпайт да. Мен "Бир бол" дегенде айтам да, бирдей угулат да. Отурганда да "Бир бол" деп айттым. Башында "Ак жол" деп адашып айтып алыпмын. Бул талкуу боло турган маселе эмес", - деди Ормонов.
Айта кетсек, бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеӊештин жыйынында микрофонго сөз сүйлөөгө чыккан "Бир бол" фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов өзүн "Ак жол" фракциясынын өкүлү катары тааныштырды. Жыйында ипотекалык турак жай жаатындагы мыйзам долбоору каралып жаткан.
Эскерте кетсек, Улугбек Ормонов убагында Бакиевдин "Ак жол" партиясынан Жогорку Кеӊеште депутат болгон. 2007-2010-жылдары парламентте "Ак жол" фракциясынын лидери болчу.