Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкинанын Фейсбуктагы жеке баракчасы блоктолду. Бул тууралуу депутат өзү 30-мартта "Азаттыкка" билдирди.
Крымга жеке сапары менен барганын айткан Карамушкина Украинанын Кыргыз жериндеги элчиси өз ыйгарым укуктарынан аша чапты деген пикирде. "Биз эркин өлкөнүн жараны катары каалаган өлкөгө барууга акыбыз бар. Биздин Крымга жеке сапарбызды депутат Марат Аманкулов каржылады. Биз Крымдагы абалды уга бербестен, өз көзүбүз менен көрөлү деген чечимге келгенбиз жана ал жактагы абалга канааттандык. Ал эми Украина элчиси бизге кайсы тарап менен Крымга баруубузду чечпейт. Украинадагы ички абалды өздөрү териштирип алышсын", - дейт депутат.
Карамушкина Фейсбук баракчасынын жабылышына Крым боюнча жазган билдирүүсү жана Украина элчисинин дооматы негиз болушу мүмкүн деген ойдо.
Эскерте кетсек, депутат Карамушкина 24-мартта жеке баракчасына Крымдагы сүрөтүн жарыялап, "Кыргыз депутаттары Крымда болду. Демек, Крым – биздики дагы” деп жазган. Муну Украинанын Кыргыз жериндеги элчиси Николай Дорошенко сындап, Тышкы иштер министрлигине нааразычылык билдирген. Элчилик Крым Украинага караштуу деп Кыргыз тарапты Украинанын бүтүндүгүн сыйлоого чакырып жатат.