Нарында 30га чукул үйдүн короосун жана көчөлөрдү суу каптап, ыкчам аракеттер көрүлүүдө

Нарында суу каптоолорго ыкчам аракеттер көрүлүүдө. Мындай маалыматты Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында 30га чукул турак жайдын короосун суу каптаган. Мындан сырткары 4 үйдүн жер төлөсүнө суу кирип кеткен. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан чара көрүлүп, күйүүчү май берилген. Атайын техника тартылып арыктар кеңейтилип, суу нукка салынган.

"Суу каптоолор кардын эрип башташынан келип чыгууда. Ошондой эле айылдын баш тарабында сел агуучу арыктардын салынбагандыгы көчөлөрдү жана турак жайларды каптоого себеп болгон", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан