Бишкекте бүгүн зомбулукка кабылган аялдардын маселеси талкууланат

Бишкекте бүгүн, 31-мартта зомбулукка кабылган аялдардын маселесине байланыштуу тегерек стол өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

Иш-чарада үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, балдары менен кыйынчылыктарга туш болгон аялдарга колдоо көрсөтүү стандарттары талкууланат.

Маалыматка караганда өткөн жылы ноябрь айында "Боорукерлик борбор" коомдук фондунун базасында зомбулукка туш болгон аялдарга жардам берүү стандарттарын камтыган долбоор иштеп баштаган. Анын максаты балдары менен турак жайсыз калган аялдарга көмөк көрсөтүү. Тегерек столдо долбоор жөнүндө маалыматтар айтылып, киргизилген толуктоолор жана өзгөртүүлөрдү өкмөткө жөнөтүү каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан