12:51 Бүгүнкү 7-апрель курмандыктарына арналган эскерүү иш чарасы чакан концерт менен соңуна чыкты. Концертке Филармониянын ансамбль оркестринин коштоосунда эстрада жана фольклор ырчылары катышып, бийчилер да коштошту.
12:33 Жыйынтыктоо сөзү үчүн бүгүнкү иш-чараны уюштуруучулардын бири, экс-депутат Мээрбек Мискенбаев сөз алды. "Мындан 7 жыл мурун элибиз Бакиевдер кланын кетирген күн" деп убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү азыр түрмөдө отурат. Бакиевдин учурунда кыргыздын бычакка сап боло турган жигиттери курман болду. Бийликтен устукан жетпегендер азыр чагымчылдык кылып жатышат. Биз президентибиздин жүргүзүп жаткан саясатын колдойлу. Жашасын, Апрель Эл революциясы", - деген сөзүн айтты.
12:28 Сөз Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго берилди: "7 күндөн кийин Апрель окуясына жети жыл болот экен. Ыңкылап жети жашка толот экен. Ыңкылап эмес, төңкөрүш деп дөөдүрөгөндөр бар экен. Апрель баатырлары баркталмайынча, талаптар аткарылбайт. "Чокудай бол, Кыргыздын жигиттери!" деп чокуга ысым бердик. Буларга тарыхтан орун берүү керек.
Апрель окуясы эмнеден чыкты эле? Баш мыйзамда баш аламандык болгон. Бир үй-бүлөнүн башкаруусунун ордуна башка үй-бүлө келген. Бийликте клан болгон. Биз баатырларга таазим кылабыз дейбиз. Ал үчүн биз аларга тарыхтан орун берип макамын жогорулатышыбыз керек".
Депутат сөзүнүн аягын тамашага салып: "Депутат болгону аз сүйлөп калгам. Чыныбай Акунович регламентти сактагыла деп жатып көнүп калыптырбыз. Апрель баатырлары, ар дайым талабыңарды талашып келем. Бар болгула!" - деп сөзүн жыйынтыктады Момбеков.
12:12 Сөз Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Фарид Ниязовго берилди. Ал Апрель окуясында каза болгон жарандардын туугандарына президенттин атынан көңүл айтып, 7-апрель өлкөнүн багытын өзгөрткөнүн белгиледи. "Ошол күндөрү мамлекет үчүн аянтка чыккандарга ыраазычылык айтам. 7-апрель кыргыздын намысы ойгонгон күн. Элдин эрки көп нерсеге жеткирет. Элге каршы бийлик деңгээлин көрсөттү. Мамлекет башчы бул күндү ыйык деп эсептейт. Алмазбек Атамбаев өзүнүн, элдин жашоосун Апрель баатырлары куткарганын айтып келет. 7-апрелдеги баатырлардын аракети менен, Кыргыз жеринде азыр эркиндик бар. Эл аралык уюмдар Кыргыз жерин жакыр мамлекеттердин тизмесинен чыгарды".
11:54 Кийинки сөз Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбековго берилди. Сооронбай Жээнбеков: "7-апрель тууралуу сүйлөгөндө толкунданам, көзүмө жаш айланат. Курман болгондордун кээ бирлерин тааныйт элем. Андан кийин Ош окуясы болду" деген пикирин билдирди. Премьер-министр Кыргыз Республикасынын тарыхындагы революцияларга токтолуп, мурунку максаттар ишке ашпаганын кошумчалап: "2010-жылы бурулуш болду. Мамлекеттин эртеңи үчүн жигиттер жанын аяган жок. Канкор бийлик өз элине ок чыгаргандан кайткан жок. Бакиевчилер кутулдук деп ойлобосун. Тарых алдында эртеби-кечпи, жооп беришет. Адамдын канын төгүү кечирилгис күнөө. Бир жумадан кийин Апрель окуясына 7 жыл болот. 2010-жылдан кийин дагы кыйынчылыкка туш болдук. Жети жыл аралыгында 2785 саясий митинг болуптур.
Өлкөдө жаңы типтеги мамлекет курулууда. Бул оңойго турган жок. Коомубуз тазаланып жатат. Коррупцияга күрөш уланууда. Транзиттик жолдор курулуп жатат. Узак жылдар бою бузулган турмушту оңдоо оңой эмес экен. Апрель революциясынын максатын бурмалагандар чыгууда. Бул учурда ак-караны ажыратуу абзел. Эл шайлаган бийликти кетиребиз дегенде, сиздер турдуңуздар. Апрель баатырлары, сиздерге ыраазычылык айтам", - деди.
11:43 Апрель революциясынын курмандыктары 1 минута эскерилди. Андан соң сөз сүйлөө үчүн эл алдына Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков чыкты. Ал Апрель курмандыктары тууралуу эскерүү айтып, ошол күндөгү окуяны эске салууда. "7-апрелге чейин Кыргыз мамлекетинин келечеги кандай болот деп жашаганбыз. Ошол кезде кыйын кырдаалдан куткарыш үчүн баатырдык көрсөтүп, Ак үйдөн кууп чыккан сиздерсиздер. Биздин патриот жигиттер мамлекеттин келечеги үчүн жан бергенине 7 жыл болуптур. Башкысы сиздердин эрдигиңиздер бекерге кеткен жок. Андан кийинки жашоо жаңы жолго бурулду. Президент айткандай, жаңы көчтүн башталышы болду. Өткөн жылы А.Меркель президент менен жолугуп жакшы сөздөрүн айтты". Ошондой эле спикер Санкт-Петербург шаарына болгон иш сапарында чет мамлекеттеги коомдук-саясий ишмерлер "Кыргыз мамлекетинен үлгү алышы керек" деген пикирлерди айтышканын белгиледи. Мындан тышкары Тескей Ала-Тоодогу чокуга "Апрель баатырлары" наамы берилгенин айтты.
11:37 Жети дубандын атын атап, ар бир дубанга мүнөздөмө берилип, "Бөлүнбө Кыргыз!", "Бирик кыргыз!" деген өңүттөгү ураандар айтылды. Анда Нарын, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош, Чүй облустары бир дарактын бутагы экени айтылып, биримдикке чакырыктар жасалды. Көрсөтүү бүткөн соң, Кыргыз Республикасынын Гимни жаңырды.
11:22 Иш-чаранын жүрүшүндө театралдаштырылган оюн көрсөтүлдү. Анда "Бузуку падыша кетсин!", "Ырайымсыз падыша кетсин!" "Мен бул жакка бакыт издеп келгем!" деген ураанды камтыган монолог айтылды. 2010-жылдагы 7-апрелде аянттагы карапайым элге ок атуу көрүнүшү чагылдырылды. Анда курман болгондорго арналган эстеликтин элеси сахнага чагылдырылып, гүлчамбар коюу каадасы жасалууда.
11:13 Учурда Апрель окуясына байланыштуу даректүү тасма көрсөтүлүүдө.
Бүгүн, 31-мартта Бишкектеги Улуттук филармонияда 2010-жылдын 7-апрелиндеги "Элдик Апрель" революциясынын 7 жылдыгына байланыштуу иш-чара өтүүдө.
Ага Президенттик аппараттын кеңешчиси Фарид Ниязов, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана башка коомдук-саясий ишмерлер катышып жатат.