Кыргыз жеринде аба ырайынын кескин өзгөрүүсү күтүлүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертүү кылгандай, 1-апрелден 4-апрелге чейин республикада жаан-чачын күтүлөт, айрым аймактарда 2-апрелден тарта кар жаашы мүмкүн. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Өлкөдө үшүк жүрүү коркунучу бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен облусунда салыштырмалуу жылуу. Ал эми Нарын, Ысык-Көл облусунда сууктун күчү 7-10 градуска чейин жетери күтүлүп жатат.
Министрлик тоолуу аймактарда жана Бишкек-Ош трассасында жүргөн айдоочулардан унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоону өтүнүүдө.