2017-жылы Бишкектин 7 жаӊы конушуна газ түтүгү тартылмакчы

2017-жылы Бишкектин 7 жаӊы конушуна газ түтүгү тартылат. Ал эми бүгүнкү күндө 10 конушка газ түтүгүн тартуу иштери бүттү. Маалыматты 30-мартта Бишкек мэриясынын жыйынында "Бишкек газдын" өкүлү айтты. Кайсы конуштар экени маалымдалган жок.

Үйлөрдүн сыртынан газ түтүгүн тартып өтүү үчүн 100 пайыз макулдук керектигин, бул үчүн жарандардын үйүнүн ичине газ киргизүү ишинин баасын арзандатуу боюнча акция жүрүп жатканын айтат мекеме өкүлү. Бирок жарандарда активдүүлүк жок. Аталган жаӊы конуштардагы 2438 үйдүн ичинен 143 үйгө гана газ киргизилгени белгилүү болду. Бишкектин мэри Албек Ибраимов конуштарды газ менен камсыздоо ишинин алкагында жарандарга түшүндүрүү иштерин жандантуу тапшырмасын бергенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан