Аксыдагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө караштуу Терс айылына Чек ара кызматы уюлдук операторго антенна коюуга уруксат бербей жатканын окурман, 15-мартта "Элдик кабар" рубрикасына билдирген.
Бүгүн, 31-мартта Чек ара кызматы SUPER.KG порталына чек арага 50 метр аралыктагы жер тилкесинде курулуштарды курууга, айыл-чарба иштерин жүргүзүүгө тыюу салынганын билдирди.
"Ал антенна чек арадан 15-20 метр алыстыкта экен. Өкмөттүн "чек ара режиминин жана чек ара тилкесиндеги режимдин эрежелерин бекитүү жөнүндө" №172-токтомуна ылайык, чек ара тилкеси мурун 30 метр болсо, азыр 50 метр болуп калган. Буга байланыштуу антеннаны орнотууга болбойт", - деди Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматкери Сажира Чоколоева.