Илимдер академиясы: "25 жылдан бери шаймандарыбыз жаңылана элек"

Бүгүн, 31-мартта Улуттук илимдер академиясы жылдык аткарган ишинин жыйынтыгын чыгарган жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүнө Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү, академиктер катышты.

Улуттук илимдер академиясында 2016-жылы ойлоп табуу ишмердиги жакшырып, патент алуулардын саны өскөндүгү айтылды. 2015-жылы жасалган эмгектерге 35 патент алынса, алардын саны 2016-жылы 42ге жеткен.

"Ушул тапта илимдер академиясында 20 илимий мекеме бар. Мында 1986 адам иштейт. Алардын ичинде 202 илимдин доктору 37 академик бар. Соңку убактарда илим изилдөө иштерине жаш кадрлар дээрлик тартылган эмес. Ошондой эле 25 жылдан бери мекемеде шаймандар базасы жаңыланбаган. Ошондуктан мамлекеттик илимий инновациялык саясатты иштеп чыгуу зарыл", - деп билдирди Улуттук илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев.

Академия 2016-жылда Эл аралык гранттардан 756 миңден ашуун АКШ долларын алганы белгилүү болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан