СУПЕРСТАН: "Беттеги такты, сепкилди кантип кетирсе болот?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Беттеги такты, сепкилди кантип кетирсе болот?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Майды, шоколадды, сүрсүгөн этти, жылкынын жана үндүктүн этин азыраак жеп, колдон келишинче тамак жасаганда өсүмдүк майын колдонууга аракет кылыңыз. Жашылча-жемишти көбүрөөк колдонуңуз. Жалаң гана эти бар тамак жей берсең бетке так эле эмес, бырыш да эрте түшүп алышы мүмкүн".

"Менин да бетиме 2 жыл мурун так, анан майда нерселер чыгып кеткен. Өт, бөйрөк, кан, тери баарын текшерттим, таза экен. Анан таттуу, майлуу, куурулган тамактарды көп колдонбой, диета кармап, өсүмдүктөрдү көбүрөөк колдонуп, организмди тазалоочу дары ичип, баарын 1 айда эле кетирип алдым. Көрсө, биздин организм токсин, шлактарга толуп калат тура, ошолордон тазаланып турбасак, оорулар келип чыгат экен".

"Петрушка менен жуусаңыз кетет, кайнак сууга 30 мүнөт дымдап, анан пахта менен сүртүңүз. Тактар кетерине 100% пайыз кепилдик бере алам".

"Ахромин" деген бет май дарыканаларда сатылат. Бетиндеги так бар жерге гана сүртөсүз, бат эле жыйынтык берет".

"Ден соолугунду текшертип, анан косметологго же дерматологго кайрылып көр, ар кандай маска, косметика каражаттарын колдоно бербе, негизгиси туура тамактанышың керек. Кофенин, кара чайдын ордуна көк чай же сабиз, кызылча, жемиштерден сок жасап ичиш керек, себеби жемиштерде көптөгөн витаминдер бар".

"200 грамм аракка майдаланып, талкаланган 3 аш кашык лавр жалбырагы салынып, 5-6 күн караңгы жерге коюлат. Муну аптасына 2-3 ирет бетке сүртүү керек. Безетки менен кошо беттеги тактар да кетет".

"Кечинде жатарда күн сайын зайтун майын бетиңизге сүйкөп жатсаңыз, так, бырыш, сепкил, бардык нерселерден арыласыз. Кымбат бет майларды алып отурбай зайтун майын күнүгө колдоно берсеңиз жыйынтыгы аябай жакшы болот".

"Ит мурун, бекеринен, кырк оорунун дабасы" деп айтылбайт да. Ал С витамининин көптүгү жагынан мөмөлүү өсүмдүктөрдүн ичинен биринчи орунда турат. Ит мурун препараттары витамин катары жана тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн сунуш кылынат. Боор жана өт ооруларында сезгенүүгө каршы колдонулат. Ит мурундун тундурмасы, чайы жүрөк кан-тамыр ооруларын алдын алууда эң пайдалуу. Зыянынан пайдасы көп деген тыянакка келе берсек болчудай".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2017-03-31 14:50:56
Сузмодон маска кылса да жакшы...
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан