Акыйкатчы: Окуучу кызга кол көтөргөн мугалим жумуштан айдалды

Бишкектеги №78-орто мектебинин мугалими 1-класстын окуучусуна орой мамиле жасаганы үчүн жумуштан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылдын 13-декабрында мугалим сабак өтүп жатканда окуучу кызга кол көтөрүп, муну менен анын адамдык намысына шек келтирген. "Кыздын апасы бул окуя боюнча Акыйкатчы институтуна арызданып, кызын башка класска которууну суранган. Жыйынтыгында комиссия түзүлүп, мектептин директорунан жана окуу бөлүмүнүн жетекчисинен түшүндүрмөлөр алынган. Окуучу кызга орой мамиле жасаганы үчүн мугалим Т.Жумалиева жумуштан бошотулган. Директорго жаш адистер менен этика боюнча иш-чараларды өткөрүү сунушталган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Uli6886
2017-03-31 14:38:49
Биз илгери ата-энебизге айтып барсак озубузду урушмак. Азыркылар милдетинен, укуктарын жакшы билишет...
+3
Aseltay
2017-03-31 16:25:49
сенин балдарын жок окшойтта балалуу болгондо билесин анда
-2
Aseltay
2017-03-31 16:28:20
мугалим кол которбош керек деги эле кимдин акысы бар кол которгонго бироого мугалим кол которсо окуучулар аны коруп болоберет экен бизгеда дейтта
-1
Aseltay
2017-03-31 16:29:06
мен бетин жулуп алмакмын ким тийсе балама
-1
Kroxa
2017-03-31 18:57:06
Кол которбош керек,мугалимдики туура эмес бирок кээбир балдар бар ушунча талтакеленишет..тынч отурган тартиптуу балага эч ким кол которбосо керек..
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан