Жалал-Абаддагы Бууракан-Токтогул жолунда атайын техникалар иштеп жатат. Мындай маалыматты бүгүн, 31-мартта SUPER.KG порталына Өзгөрүш айыл аймагынын башчысынын милдетин аткаруучу Айбек Үметалиев билдирди.
"Бүгүнкү күндө Бууракан-Үч-Терек жолунда каттам ачык. Кардан улам эриген суу агып жатат. Мында чоң суу агып, коркунуч жарата турган жагдай жаралган жок. Ошентсе да жол жээктерине шагыл таштап бекемдөө аракеттери көрүлүп жатат", - деп билдирди Үметалиев.
Маалыматка ылайык, Бууракан айылында 250дөн ашуун кожолук эл жашайт.
Эске салсак, буга чейин 29-мартта окурман "Элдик кабарга" Бууракан-Токтогул жолун сел каптап, унаа жүрүүгө мүмкүн болбой жатканын билдирген.