Өзгөн районунун Заргер айылында жер көчкү алдында калгандардын баарынын жансыз денелери табылды

Өзгөн районунун Заргер айыл аймагынын Ничке-Сай айылында жер көчкүнүн алдында калгандардын баарынын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын куткаруучулар тобу кырсык болгон аймактан саат 13:40тар чамасында 1 адамдын жансыз денесин таап чыгышкан. Ал эми саат 14:00дөр чамасында дагы 3 адамдын сөөгү табылган. Маркумдардын өздүгү такталууда.

Эскерте кетсек, 26-мартта аталган айылда көлөмү 500 миң метр куб, узундугу 800, туурасы 120, бийиктиги 8 метрге жеткен жер көчкү жүрүп, 4 үйдү басып калган. Үйлөрдүн биринде 1989-жылы туулган Өмүрзак Эгемкулов аялы жана 4 баласы менен бирге жашачу. Калган турак үйлөрдө эч ким жашачу эмес. Жер көчкү алдында калган үй-бүлөнүн эки баласынын сөөгү кечээ, 29-мартта табылганын эске салабыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Bars88
2017-03-31 17:13:17
5кундон бери эми табышыппы.
0
Gsuita
2017-03-31 23:07:41
Bars88,Табылганына шүгүр келтириш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан