Улуттук илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды

Улуттук илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Мындай маалыматты бүгүн, 31-мартта мекеменин маалымат бөлүмүнүн башчысы Бүбү Токоева билдирди.

"Илимдер академиясынын башчысы Абдыганы Эркебаев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Ал мындай маалыматты бүгүнкү жыйында билдирди. Азырынча арыз тиешелүү кызматтарга жиберилип, чечим кабыл алына элек. Жетекчинин мындай кадамы жаштарга жол берүү менен түшүндүрүлгөн", - деп билдирди Токоева.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын башчысы А.Эркебаев акыркы 5 жылдан бери жетекчилик кызматты аркалап келет. Ал 2012-жылдан тарта мекеменин башчысынын милдетин аткаруучу кызматында бир жылга чейин отурган. Андан соң расмий дайындалган. Алдыда Эркебаевдин кызматтык мөөнөтү бүтөрүнө дагы бир жыл убакыт бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан