SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Өзүңүздү сексуалдуумун деп ойлойсузбу?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Бизде секс жок" деген идеология менен тарбия алып калгандыктан, анын эмне экенин деле билбей калыптырмын. Ошондуктан бул "секс" деген сөз деги кайдан келип чыккан, анын мааниси эмне экенин айтып берчүлөр табылар бекен. Анан ошого жараша билип алмакмын өзүмдү. Мүмкүн мен деле сексуалдуудурмун, мүмкүн менде деле "секс" болгондур".
"Мен өзүмдү сексуалдуу жигитмин деп ойлойм. Анткени кыздар көздөрүн сүзүп карашат. Болгондо да узакка карап калышат. Кээ бирлери мени карап туруп, эриндерин тиштегилеп жиберишет. Мунун баары менин сексуалдуу экендигимде да, туурабы?"
"Менин эриндерим абдан сексуалдуу".
"Сексуалдуу десе эле ойлойт экенсинер да, буттары узун, түп-түз, бели ичке, жамбашы тоголок, көкүрөгү чоң деп... Менин оюмча, сексуалдуулук төшөктөгү өнөрлөрүнөн билинет".
"Кыргыздын кымча бел жигитин улуттук кийимде, чекчейген калпагы, кара баркут чыптама менен элестетип көрүңүзчү, абдан сексуалдуу көрүнөт же кыргыздын кымча бел кызын улуттук кийимде элестетип көрүңүз: бойлуу, келбеттүү, эки өрүм чачы далысынан ылдый түшүп турса, башындагы шөкүлөсү айдай тегерек бетине куп жарашып, илбериңки кыймылдап, сизге бал чыныга кымызын сунуп, суйкалып турса абдан эле сексуалдуу көрүнүш деп эсептейм. Фантазияңыздарды жакшыраак иштетсеңиздер".
"Кээ бир кыздар кыска юбка, чапташкан кофта, көйнөк, 12-14 сантиметр така менен сексуалдуу көрүнөм деп ойлошот, андай көрүнүштөгү кыздарды көпчүлүк эркектер жеңил ойлуулук менен кабыл алат."Сексуалдуу болуу үчүн бийик така кийип, же 90-60-90 болуу эмес, "женственно" кийинип, назик, шарактап катуу күлбөгөн, турган турпаты менен өзгөчөлөнгөн айымдарды элестетем. Бир карыш юбка, бир тутам кофта кийип фигурасы менен өзүнө чакыргандарды сексапилдүү, башкача айтканда, көрүнүшү делебени козгогон дешет. Сексуалдуулукка мунун тиешеси жок".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.