Малайзияда киши колдуу болуп каза тапкан Ким Чен Намдын сөөгү Кытай аркылуу мекенине жеткирилди

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын аталаш агасы Ким Чен Намдын сөөгү Малайзиядан Пекин аркылуу мекенине жеткирилди. "Аны менен бирге Куала-Лумпурга барган жарандар да мекенине кайтып келишти" деп жазат чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 31-мартта Кореянын тышкы иштер министри Лу Канга шилтеме берүү менен.

"Малайзияда каза болгон Ким Чен Нам жана ал менен чогуу барган жарандар Пекин аркылуу кайтып келишти. Эл аралык келишимдерге ылайык, Кытай сөөктү алып өтүүгө тиешелүү жардамдарын көрсөттү", - деп айткан министр.

Эске салсак, Ким Чен Нам 13-февралда Каула-Лумпурдагы аэропорттон ооруканага бара жаткан жолдо көз жумган. Малайзиянын саламаттыкты сактоо министри ал нервдик-шалдык заттардын таасиринен каза болгонун маалымдаган.

Айрым маалыматтарга ылайык, Куала-Лумпурдагы аэропортто Корея башчысынын инисинин бетине VX нервдик-шалдык уулуу затты чачыртып кеткен. Бул согуштук-ууландыруучу зат болгондуктан аны колдонууга дүйнөдө тыюу салынган. Ким Чен Нам бул окуядан көп өтпөй көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан