SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөсү кол көтөрсө эмне кылыш керек?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Күйөөңөр жөн эле ура бербесе керек, аялга кол көтөрүү үчүн дагы тоодой себеп болсо керек. Мисалы, байпагы кир болуп, жуубай койсоң ура бербесе керек. Сен дагы "чача" деп көрүнгөнгө көрүнгөндү сүйлөп эриңе "быдылдап" сөз кайтарып, "аш" десе, "төш" деп "такылдай" берсең керек да же себепсиз эле ура береби?"
"Аялың жинге тийип, ошого жеткирсе уруш керек, муштум менен эмес, шапалак менен бешти берсең өзүнө келип калат".
"Ошого жеткиреби, жеткирбейби урганга кандай акыңар бар? Же тууп, чоңойтуп койдуңарбы? Эркектер, аялдар назик деп басынтып, күчүңөрдү билектен чыгарган кимсиңер? Өзүңөр жинге тийсеңер аялдар урбайт го. Мээни иштетиш керек, ойлонгула".
"Ачууну келтирген силер эмессиңерби? Тилди чыгарган да эркектер силерсиңер. Эч качан аялыңардын жаманын жаап, жакшысын айткыңар келбейт, эмнеге? Байкуш аялдар баланы бакса, үйдөгү жумуштун баарын кылса, кайнене-кайнатасын караса? Отуңар менен кирип, күлүңөр менен чыкса, ошондо да аял жаман. Аял кишинин ошончо кылган ишин баалаганга эркиңер жетпейт. Анан анда-санда сүйлөп койсо шапалак менен чабыш керек дейсиңер!"
"Аялда да, эркекте да кичине акыл болуш керек, бириң тилиңди тартып, бириң колуңду тартып.Тилин тартканды билбеген аялга алакандын жарымын тийгизип койсо эч нерсе болбойт".
"Жашында кол көтөрүп, кыйынсынып жүргөн эркектерди көрүп жүрөбүз. Бирок карыганда калтырап калганда, аялдары, балдары карабай койгондор жашоодо толтура".
"Күйөөңдү сыйлап, сызган сызыгынан чыкпаш керек. Мүнөзүн жаттап, ачуусу келсе эмне кылуу керек, эмне жагат, эмне жакпайт билип алуу керек, ошондо уруш азыраак болот деп ойлойм".
"Кээ бир эркектер бар, аялы төгөрөгү төп келишип, айтканын кылса да ура берген. Аларга кеңеш айта албайм, анткени андай эркектерди түшүнбөйм".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.