Бишкек шаарындагы кабыл алуу-бөлүштүрүү жайын оңдоого жергиликтүү бюджеттен 3 миллион сом бөлүү чечими чыгарылды

30-мартта Бишкек шаардык Кеңешинин бюджет жана каржы комиссиясынын жыйыны өттү. Бул тууралуу шаардык кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жыйында Бишкек шаарынын 2017-жылынын бюджеттик долбоору талкууланган.

"Комиссия Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына жергиликтүү бюджеттен 3 миллион сом бөлүүнү чечкен. Ал эми коомдук угуу 5-апрелде өтмөкчү", - деп жазылат маалыматта.

Үстүбүздөгү жылдын 15-мартында шаардык кеңештин депутаттары Бишкек ШИИББинин кабыл алуу-бөлүштүрүү жайына барып, административдик аресттеги жарандар үчүн кандай шарт түзүлгөнүнө күбө болушканы маалым болду. Андан сырткары тамактарынан, медициналык жардамдан, камералардын санитардык жана гигиеналык абалынан кабар алышкан.

"Мындан улам шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев майда мыйзам бузуулар менен көбүнчө шаардыктар жана чет элдик жарандар кармалган бул жайдын абалы өтө начар экенин белгилеген. Төрага вице-мэр Эрнис Зарлыковго жана Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Нурлан Эшенбаевге кабыл алуу-бөлүштүрүү жайынын оңдоп-түзөө иштеринин сметалык баасын комиссиянын кароосуна коюуну буюрган. Депутаттар каржылоо маселесин кароону убадалашты", - деп кошумчаланат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган жайдын абалын акыркы мезгилдерде коомчулук катуу талкууга алууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KGstan1981
2017-03-31 19:54:02
Эгерде 25 мартагы митинг болбогондо бул кабыл алма болмосу ошондой мышык ыйлай турган абалда озгорбойт экенда.Кечеги Бишкектеги стадиондун абалында коруп коюшса болмок.Чет элдиктерге уят болдук.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан