Жыл сайын 1-апрелде дүйнө эли экологиялык майрам деп эсептелинген Канаттууларды коргоонун эл аралык күнүн белгилейт. Аталган майрам 1894-жылы АКШда пайда болгон. Убакыт өткөн сайын массалык маалымат каражаттары аркылуу элге тарап, бардык штаттарда белгилене баштаган. Учурда бул күн ЮНЕСКОнун "Адам жана биосфера" деген биологиялык программасынын алкагында дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө белгиленет.
Канаттууларды коргоо боюнча конвенцияга 1906-жылдын 1-апрелинде кол коюлуп, ошондон бери прогрессивдүү коомчулук канаттуу куштарды коргоо камын көрүп келет. Бул документ айлана чөйрөнү коргоого багытталган алгачкы эл аралык конвенция болгон.
1-апрелге карата жылнаама.