Энергетика: "Акылдуу эсептегичтер" эми Кыргыз жеринде жасалып баштайт"

Өкмөттө 31-мартта энергетикалык ресурстарды көзөмөлдөө жана каттоонун автоматташтырылган системинин жабдууларын Кыргыз Республикасында өндүрүү маселеси талкууланды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков энергетикада "акылдуу эсептегичтер" электрди уурдоону жана жоготууларды азайтуучу систем экенин айтты. Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы ишканасынын директору Айбек Калиев да ушундай пикирде. "Акылдуу эсептегичтер" коммерциялык жоготууларды азайтып, карыздарды жыйноого жакшы шарт түзөрүн белгилейт. 2012-жылдан 2016-жылга чейин "акылдуу эсептегичтердин" жардамы менен жоготууларды 22,9 пайыздан 11,6 пайызга чейин азайтылганы айтылды.

"Акылдуу эсептегичтерди" Кыргыз жеринде өндүрүү иши Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду менен биргеликте жасалмакчы. Фонддун жетекчиси Кубанычбек Кулматов долбоор кантип каржыланары жөнүндө премьерге маалымат берди. Долбоорду 3 жылда ишке ашыруу жагы каралууда. Калиевдин айтымында, баштапкы этапта 200 миң эсептегич сатып алынат. 200 миң эсептегич орнотулгандан кийин энергетикадагы жоготуу жылына 200 миллион киловатт-саатка чейин азаят, муну менен 220 миллион сом кошумча киреше түшөт деген ишеничте ишкана жетекчиси.

Премьер-министр аталган долбоорду ишке ашырууну тездетүү тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
stal.ks
2017-04-01 11:04:37
Акылдуу эсептегич кошуп эсептесе конешно кошумча акча тушотда бюджетге
+7
ABDulHai
2017-04-01 11:21:46
Жакшы экен пайдасы
-3
Abdyrashit.Satylganov
2017-04-01 12:02:51
Мындай кылабыз тигиндей кылабыз деген пландар эле көп...биринчи ишке ашырып алып анан жарыяласаңар..Айрыкча 2017-жыл башталаары менен пландарга толуп кетти..План менен Кыргызстанды Дубай кыла бербей, иш түрүндө да көргөзгүөлөчү байболгурлар
+6
munar79
2017-04-01 12:14:46
Abdyrashit.Saty
lganov,эн тура кошулам
+2
Satana
2017-04-01 19:22:51
Жаман жинге тийип атышатда. Альтернативный свет ойлоп табат окшоймун. Убакыт болсо колдон келе турган эле иш
+1
Shadykanov
2017-04-01 17:24:34
Ашыкча эсептеп чонтогунорго бираз тушконго сыягы алда аздык кылып ачкоздонуп даагы болсо экен деп тездеткиле деп атасынарда э ХХХ
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан