Президенттин кызы Алия Шагиева уулун аалам менен тааныштырды

Президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева интернеттеги жеке баракчасына ымыркайы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөт ээн талаада тартылган. Шагиева сүрөткө, тагыраагы колундагы уулуна карата:

"Буга чейин сен биздин планетаны эч качан минтип көргөн эмессиң. Бүгүн сен өмүрүңдүн 11-күнүндө жашап жатасың. Талаада баратканда сен унаанын айнегинен ачык асманды жана кара чубалгыларды көрдүң. Сен азырынча булар эмне үчүн жаратылганын, дегеле жаратылуу деген өзү эмне экенин такыр билбейсиң. Сен атаңа көбүрөөк окшошсуң. Таир, сенин Жер планетасына абдан жеңил көнүшүп кетишиңе убада беребиз. Жашоо керемет, качандыр бир кезде сенин өзүң да ушундай жыйынтыкка келишиңе аракет кылабыз", - деп жазды.

Эскерте кетсек, Алия Шагиева уулун 20-мартта жарыкка алып келген. Ага Таир деген ысым ыйгарылганы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
Bubu88
2017-04-01 15:00:04
Таирдин өмүрү узун келечеги кең ден соолугу чың акыл эстүү намыстуу чынчыл жигиттерден болсун таятасын тартып элине ак ниети менен кызмат кылган инсан болсун көрө албагандардын балдары да акыл эстүү ыймандуу болсун
+4
futboler
2017-04-01 15:00:25
Жээним го менин
0
jetigen90
2017-04-01 15:26:46
,,Сен азырынча булар эмнеге жаратылганын дегеле жаратылуу эмне экенин такыр билбейсин" Таятандын да кыргызды кыйнап алдыга эмес артка тартып жатканын да билбейсин Таир. Кийин таятан президент болгонун бирок, тарыхта эн начар президент болгонун билесин Таке.
+3
Nasichat
2017-04-02 08:58:53
jetigen90,+1000%
+2
ice87
2017-04-01 15:27:20
Атамбаевдин кызында эмне куноо?Баласынын омуру узуун болсун!
+7
kyrgyz.kg83
2017-04-01 15:28:07
Сапар исаковтон кийинки еле ашанын кызы болдуго рекламада,кыркын чыкыча ХХХ жат нары,
-3
admin_portal
2017-04-03 10:21:06
kyrgyz.kg83, этика нормаларына туура келбеген сөздөрдү жазуудан алыс болуӊуз.
0
Makain
2017-04-01 15:43:22
Омуру узун болсун укамдын бар бол бай бол таятандай президент бол укам.
+1
tyrgon
2017-04-01 16:34:44
балада куно жок бирок таятасы кызын башка диндеги эркеке бергени жана Кыргызстан онуктуром деп онуктуро албай айланайындар деп суйлогону жакпайт да
+2
shirinai
2017-04-01 17:26:59
Баласына ден соолук тилейм. Алия ото эле майда суйлогон , эзилгеен кыз окшойт.
-5
Nurkyz1977
2017-04-01 18:30:30
"Обу жок катын орсок уй саайт",-дегендей эле да. Ата данкы менен кыз отот. Ал эми наристеге келсек "туулганына суйунбой турганына суйун"-демекмин омурун узун,ата энеси менен бактылуу болсун. Ата эне эли журттун кадырын баркын билген мусулман инсан болсун.
+7
Yamur
2017-04-01 19:09:53
Омурлуу бол !!!падышанын небереси!!!
0
diamond1111
2017-04-01 20:54:06
Мен да балалуу болгум келтат.
+3
Adila27
2017-04-01 22:56:54
Parker сага Нарындыктар эмне кылды же жеп аткан наныңды жулуп алдыбы?
+7
admin_portal
2017-04-03 10:19:07
Eldos1, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Эскертүү!
0
admin_portal
2017-04-03 10:21:48
talas0707, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_portal
2017-04-03 10:23:58
kyzburak87, кемсинтип, мазактаган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан