Бишкекте өткөн бош орундар жарманкесинде 15 жаран жумушка орношту

"Бишкекте өткөн бош орундар жарманкесинде 15 жаран жумушка орношту", - деп маалымдады бүгүн, 1-апрелде Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы SUPER.KG порталына.

Берилген маалыматка ылайык, жарманке кечээ, 31-мартта жумушсуз жарандарга жумуш табууга көмөктөшүү максатында өткөрүлгөн.

Жарманкеге жумуш издеп келгендердин саны 450гө жетип, 282 ишкана-уюмдардан 3400 бош орун сунушталган.

"Анын ичинен 15 жаран жумушка орношту. 70 адам иш берүүчүлөр менен сүйлөшүүлөргө чакырылды. Дагы 75 адамга кайсы ишканага ишке орношсо болору тууралуу багыт берилди. Жумуш издегендердин арасында студенттер да болгондуктан иш убактысы эркин тартипте боло турган ишканалар менен сүйлөшүштү", - деп айтылат башкармалыктын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mirkaa5182
2017-04-01 14:18:32
Ошто да качан өткөрүлөт экен?
+3
Kulatov
2017-04-01 14:59:51
mirkaa5182,Ошто болду го
+2
adi.ali94
2017-04-01 14:31:47
Ярмарка вакансий кыргызча жазгылачы жумуш кыргызстанда болгон соң!!
+7
kyrgyz.kg83
2017-04-01 15:25:08
Азго 15 еле адам жумушка орношсо,же фейковый вакансияларбы,же жумушсуздук азайганбы
+2
kokokola
2017-04-01 16:07:44
Качан кайсы жерде болоорун алдын ала айтып коюшса жакшы болмок...
+2
ady-88
2017-04-01 16:55:44
Каяктан жумушсуздук азаят. Келген адамдар 500 600 болуп жатса бош орундар 3200болсо анан 15эле адам ищке алынса. Анда бир болсо айлыктары отто эле томон.
+1
student-95
2017-04-01 17:49:51
каап мен билбей калыпмын алдын ала айтышса жакшы болмок экен
0
admin_portal
2017-04-03 10:36:48
kai42444, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан